Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Ошто жыл аягына чейин митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизилди


Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл.
Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл.

Ош шаарынын аймагында ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилгени белгилүү болду. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева “Азаттыкка” кабарлады.

Укук коргоочунун колундагы документке ылайык, тургундардын бири Ош аймагында ар кандай митингдер туруктуулукка терс таасирин тийгизип, эс алуучулардын тынчтыгын бузуп жатканын жүйө кылып, арыз менен сотко кайрылган. Ош шаардык соту арызды канааттандырып, 28-июндан тартып 31-декабрга чейин нааразылык акцияларына тыюу салган чечим чыгарган. Митингдерди шаардагы Муминов жана Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ататүрк паркында гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Сот чечимине ылайык, Ош мэриясы митингдерди чектөө боюнча 5-июлда токтом чыгарды.

22-июлда Ошто борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп мэриянын имаратынын жанына топтолгон соодагерлердин айрымдарын милиция кармап кеткен. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартууну талап кылган.

2022-жылы март айынан бери Бишкек шаарында митингдерге киргизилген чектөөнүн мөөнөтү узарууда. Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп келатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG