«Весна» жаштар кыймылынан эки мүчөсүн камоого ордер берилди

Лев Гяммер.

Орусияда «Весна» жаштар кыймылынан эки мүчөсүн камоого ордер берилгенин бүгүн 22-июлда "Медиазона” басылмасына таянып “Свобода” радиосу жазды. Аларга “экстремисттик топ түзгөн, орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат тараткан, өкмөткө каршы чакырык жасаган, аскердик атак-даңкты сыйлабагандык” деген айыптар тагылып жатканы маалымдалды.

Лев Гяммер жана Глеб Кондратьев экөө тең Орусиядан чыгып кеткен.

Гяммер мурда оппозиция лидери, маркум Алексей Навальныйдын командасынын өлкөнүн түштүк-батышындагы Краснодар шаарындагы бөлүмүн жетектеп турган.

“Весна” 2022-жылы декабрда Кремлдин Украинага каршы согушуна мобилизацияга каршы митингдерди уюштургандан кийин Орусияда экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Алсу Курмашеваны 6,5 жылга соттодуОштогу акция: Төрт кишини милиция кармады, борбордук базар эки айдан кийин көчүрүлөт Кечки Азаттык (2-чыгарылыш)Ошто жыл аягына чейин митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизилди