Кыргызстанда 218 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланууда

Иллюстрация

Кыргызстанда ушул тапта 218 бала 110 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда. Бул тууралуу 22-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеменин эсебинде, бул эсеп бир жыл мурункуга караганда 29% көп.

Ушул тапта фостердик үй-бүлө болуу үчүн дагы 51 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окууга катталган.

Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, кооптуу жагдайдагы үй-бүлөлөрдөн алынган балдар жана турмуштук оор кырдаалга туш болгондор жайгаштырылат.

Кыргызстанда Фостердик үй-бүлө институту Кыргызстанда 2014-жылдан бери иштейт. (SE)

Дагы караңыз

Германияда Путин жөнүндө китеп жазган автор журналисттик бирикмеден чыгарылды Украина Орусия жоготуусуна карабай чабуулун улантып жатканын билдирди80 жыл илгери: граф Клаус фон Штауффенберг жана Гитлерге каршы кутум