26-июлда баштала турган Париждеги Жайкы олимпидага Кыргызстандын атынан он алты спортчу катыша турган болсо, алардын ону күрөштөн балбандар.
- Мелис мырза, Париж шаарында келаткан аптада баштала турган Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан катышып жаткан 16 спортчунун ону күрөштөн балбандар. Федерациянын жетекчиси катары айтсаңыз – канча лицензия алуу ниетиңиздер бар эле? Лицензиялык иштердин жыйынтыгы кандай болду деп ойлойсуз?
- Күрөштүн үч түрү боюнча – грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн 18 лицензия ойнотулган. Биздин балбандар жолдомо алалы деп лицензияга жакшы эле даярданышты. Эки салмакта гана эки балбаныбызга аз-маз жыйынтык, буйрук жетпей калды. Эркин күрөштөн 74 кг салмакта Азиянын үч жолку чемпиону Орозобек Токтомамбетовду белгилеп өтсөм болот, ага кичине ийгилик жылмайбай калды, дүйнөлүк мелдеште бир аз жаштык кылып койду. Бирок, Орозобектин келечеги алдыда. Кыз-келиндер күрөшүнөн болсо Калмира Билимбек кызына үмүт артканбыз, ага да ийгилик бир аз жылмайбай калды. А негизи он лицензия да жакшы, Токио олимпидасына караганда бул ирет эки лицензия көп алдык.
- Сиз Орозобек Токтомамбетов боюнча айтып калдыңыз. Мындан эки ай мурда ал Түркиянын Стамбул шаарында Олимпиадага жолдомо бере турган мелдеште дүйнө чемпиону, италиялык балбан Фрэнк Чамизо менен күрөшүп, ага акыркы секунддарда бир упайга алдырып койду. Андан мурда Чамизо Баку шаарында азери балбаны Туран Байрамов менен күрөшүп, калыстар үй ээсине ачык эле тартып койгону белгилүү. Кийин Байрамовго жеңишти ыйгарган ал калыстар курамы толугу менен Эл аралык күрөш биримдиги тарабынан жазаланып, оюндардан четтетилген. Бул ирет калыстар Орозобек Токтомамбетов менен күрөштө Фрэнк Чамизого жан тартып коюшкан жокпу, мага ошондой сезилди?
- Мен өзүм да ал мелдешке барып, командабыз менен чогуу ал күрөшкө көз салып турдук. Мен калыстар Чамизого жан тартып койду деп айта албайм. Себеби экөө бирден упай алып, кармашып жатканда акыркы мүнөттө калыстар алгач Орозобекке күрөштөн убакытты созуп жатат, деп эскертүү беришти. Дүйнөлүк эреже боюнча эскертүү алган балбан күрөшүн күчтөбөсө калыстар адатта ушундай эле чечим кабыл алышат. Биздин балбандын андан кийинки күрөшкөнүн да карап, калыстар ошондон кийин Чамизого бир упай ыйгарышты. Мен ойлойм, чечим калыс эле чыкты деп. Чамизо эми дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты балбандардын бири, аны менен тең ата таймашканы үчүн биз Орозобекке ыраазы болдук. Эми Орозобектин келечеги алдыда, ал азыр жаш, болгону жыйырма үчтө, кийинки Олимп оюндарына катышып, байгелүү орундарды алат деп ишенебиз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Кыз-келиндер күрөшүнөн өткөн олимпидадагыдай эле бул ирет да 3 кызыбыз – Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы лицензия алышты. Калмира Билимбек кызы тууралуу айтып өттүңүз, алардан башка кыздардын жолдомо алууга шарттары бар беле, эмне тоскоолдуктар болду?
- Бардык эле шарттар бар. Бирок, сиз атын атаган үч кызыбыздан башкаларынын баары эле жаш болуп жатат да. Гүлнура Таштанбекова, Нурзат Нуртаева, Дилназ Сазанова, ошол эле Калмира Билимбек кызы деген мыкты кыздарыбыз бар. Булар болгону 20-21 жашта. Алардын айрымдары өздөрүнөн улуу кыздар менен беттишип, мына Азиянын 23 жашка чейинкилер арасынан чемпион болуп келишти жакында. Алардын келечеги кең, кийинки Олимп оюндарына алар да катышат деп үмүт артып турабыз.
- Грек-рим күрөшүнөн, эркин күрөштөн өлкөнүн ички чемпионаттары өтүп келатканын билебиз. Ушул кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Кыргызстандын ички мелдештери өтөбү?
- Эми күрөшкө катышкан кыздарыбыздын саны буга чейин аз болчу да, мына быйыл андай мелдешти өткөрдүк. Эми күрөштүн бул түрү деле салыштырмалуу кийин өнүккөн спорттун түрү да. Мен 2001-жылы кыз-келиндер күрөшү боюнча биринчи дүйнө чемпионатын көрүүгө баргам. Мен ошондо ойлогом “кыздар кантип күрөшөт болду экен" деп, себеби, бул ал кезде жаңылык эле да. Эми азыр карасак кыз-келиндердин күрөшү өтө кызыктуу, эркектер менен тең катар эле күрөшүп жатышат. Спорттун бул түрүнө кызыгып, мелдештерге катышкан мамлекеттердин катары да арбып баратат. Мектепте окуган кыздарыбыз азыр “Айсулуудай болобуз, Айпери, Мээримдей болобуз” деп шыктанып жатышат.
- Эми кыргыз эли бул Олимпиадага чоң үмүт артып турат. Күрөш биримдиги он балбан канча медал алып келет деп болжоп турасыздар
- Болжоп айтыш кыйын, бирок, Парижге бараткан балбандарыбыздын ону тең дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарда турат. Ошол эле Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмазбек уулу – баарынын Олимпиадада байгелүү орун алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Медалга келсек, мынча алабыз деп айтуу кыйын, биздин де кыргыз элибиздей балбандарга үмүтүбүз чоң, даярдыктар жакшы, даярдыктын баардык этаптарын өтүштү. Мына азыр Ысык-Көлдө Австралия, Македония сыяктуу мамлекеттерден келген балбандар менен чогуу акыркы машыгууларын өткөрүп жатышат.
- Грек-рим күрөшүнөн мыкты балбандарыбыз баратат. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековдун алтын алууга мүмкүнчүлүктөрү кандай? Жоламан дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Анын эң кыйын делген атаандаштары жапон Кеничиро Фумито менен молдован Виктор Чобану. Кармаштар кандай болот деп ойлойсуз?
- Ооба, эми сиз айткандардан тышкары Азербайжандан, Ирандан жана башка мамлекеттерден мыкты балбандар бар. Эми андан тышкары бул ирет дүйнөнүн “мен-мен” деген спортчулары чогулуп жатат да. Жүздөн ашык мамлекеттин эң мыкты он алты балбаны келет, келгенде да баары чоң даярдыкта келишет.
- Дагы бир мыкты балбаныбыз Акжол Махмудовдун даярдыгы кандай? Ал акыркы Азия чемпионатында жапон Кусакадан жеңилүү ызасын тартканы бар, бирок аны былтыр 22-сентябрда Сербиянын борбору Белградда дүйнө чемпионатында финалда утуп алды эле?
- Албетте, спортто утулуу да, утуу да болот. Кээ бир спортчулардын атайын тактика, стратегиясы да бар, Акжолдун оюнда эмне бар экенин аны Акжолдун өзү эле, анан, балким, машыктыруучусу билет. Биз билбеген көп сырлар, көп жагдайлар бар. Бирок, ошол 77 кг салмакта да мыкты-мыкты балбандар катышат. Алардын катарында Венгриядан, Азербайжан, Жапония жана Түркиядан спортчулар бар.
- Күрөштөн Кыргызстан Париж олимпиадасына эң көп жолдомо алган Иран, Жапония, АКШ сыяктуу мамлекеттердин катарына кошулду. Мындан аркы тенденция кандай болот?
- Бүгүнкү күндө кийинки олимпиадалык баскычтарга даярданып жаткан мыкты балбандарыбыз бар. Күрөш федерациянын да ынтымагы жакшы, мамлекет тарабынан, бийликтен да колдоо өз деңгээлинде болуп жатат. Баары келип эле каражат жана колдоого байланыштуу. Каражатын өз убагында чечип турсак иш жакшы жолдо болот. Анын үстүнө мына акыркы эки жылда шарт тузүлүп, дүйнөлүк деңгээлдеги эки чоң ири мелдешти Бишкекте өткөрдүк, ага кырктан ашык мамлекеттен дүйнөнүн, Олимпиаданын чемпиондору келди. Аларды көргөн уул-кыздарыбыз шыктанып, спорт мектептерге, секцияларга кирип, машыгып жаткандардын саны арбыды. Ишенсеңиз орун тартыш. Себеби, эмнеге жанагинтип 88 млн калкы бар Иран менен, 129 млн калкы бар Жапония менен теңтайлашып жети миллион элибизден минтип мыкты балбандар чыгып жатат, анткени күрөш спорттун массалык түрүнө өттү да. Ошентип, кийинки Олимпиадага да көбүрөк жолдомо алганга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Себеби, көптөн бери айтылып келди эле – ар бир облуска бирден спорт мектебин ачуу демилгеси эми ишке ашканы турат, бийлик бул тараптан чоң жумуштарды жасоодо. Ал борборлор да ачылып кетсе жыйынтык мындан да мыкты болот.
- Олимпидадан байгелүү орун алгандарга мамлекет тарабынан сыйлык каралчу эле, быйыл анын өлчөмү кандай болгону турат?
- Парижде орун алгандарга Бишкектин борборунан 3 бөлмөлүү батир берилет деген маалыматтар баягы күнү айтылды. Андан тышкары мамлекеттен кошумча бериле турган акчалай сыйлыктары бар. Ошондой эле Олимпиада төрт жылда бир ирет өтөөрүн, анын деңгээлин эске алып, мамлекеттик сыйлыктар да берилсе керек.
- Маегиңизге рахмат.
Маалымат үчүн:
26-июлда Франциянын борбору Парижде баштала турган Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанууда. Алардын ону спорттук күрөштөн балбандар.
Күрөштүн грек-рим түрүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг).
Эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Айаал Лазарев (125 кг).
Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг).
Мындан тышкары Олимпиадага эки дзюдочу – Эрлан Шеров (90 кг) жана Кубанычбек Айбек уулу (66 кг), эки суучул - Денис Петрашов жана Елизавета Печерская, бир жеңил атлетчи Сардана Трофимова жана бир мушкер (боксчу) Мунарбек Сейитбек уулу катышат.
XXXIII Жайкы олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат.
Эл аралык оилмпиада комитетинин маалыматына ылайык бул ирет мелдештерге 206 мамлекеттен 10500 спортчу катышып, 329 комплект медал ойнотулат.
Мындан мурдагы Токио олимпиадасына Кыргызстандын атынан он алты спортчу катышып, команда 2 күмүш жана бир коло медал менен кайткан (70-орун).