Беларуста немис жаранына өлүм жазасы чегерилгени маалымдалды

Минск шаары. Сот имараты.

Беларуста немис жаранына өлүм жазасы чегерилгенин бүгүн 19-июлда «Вясна» укук коргоо борбору билдирди. Борбордун маалыматына караганда, Минск облустук сотунда 24-июнда чыккан өкүмгө ылайык, Германиянын жараны Рико Кригер «жалданмачылык, терроризм, экстремисттик топ түзүү, автоунаага атайылап зыян келтирүү, ок атуучу курал жана жардыргыч зат менен мыйзамсыз операция жасоо» деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, ага өлүм жазасы чегерилди.

Мындай айып немис жаранына эмненин негизинде тагылганы тууралуу маалымат берилген жок.

Германиянын Беларустагы элчилиги бул иш боюнча кабары бар экенин билдирди, бирок ал жактан да так маалымат болгон жок.

"Вясна" кабарлагандай, Кригер 30 жашта. Анын соту 6-июнда башталган. «Жалданмачылык» деген иш Беларуста алгачкы жолу каралды. Беларус Европада өлүм жазасы калтырылган жалгыз өлкө. (RK)

Дагы караңыз

Зеленский согушту сүйлөшүү жолу менен токтотсо болорун айтты Арменияда учак кырсыгынан эки учкуч каза болдуТрамп иммигранттар агымын токтотууга убада бердиТрамп согуштарды токтотууга сөз берди