Арменияда учак кырсыгынан эки учкуч каза болду

Кырсык болгон жер. 2024-жылдын 19-июлу.

Арменияда бүгүн 19-июлда учак кырсыгынан эки киши каза болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык жума күнү эртең менен борбор калаа Еревандан анча алыс эмес аймактагы Егвард шаарынын жанында болду, Коргоо министрлигине караштуу бир моторлуу Ан-2 учагы кулап, ичиндеги эки учкучу мерт кетти.

«Азаттык» радиосунун армян кызматынын өз булактары билдиргендей, учак окутуу-машыктыруу иштери үчүн колдонулуп жүргөн.

Коргоо министрлигинин расмий маалыматында айтылгандай, учак машыгуу учурунда кулап түшкөн.

Өлкөнүн Тергөө комитети кырсыктын себептерин териштире баштагады, андан башка расмий маалымат бериле элек. (RK)

Дагы караңыз

Трамп иммигранттар агымын токтотууга убада бердиОрусияда миграция мыйзамдарын дагы катуулатуу сунушталдыТрамп согуштарды токтотууга сөз бердиУкраина кыргызстандык туткунду Орусияга өткөрдү, Ошто дагы сел жүрдү