Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Орусияда миграция мыйзамдарын дагы катуулатуу сунушталды


Орусиянын Тергөө комитети Мамлекеттик Думага өлкөнүн миграция мыйзамдарын катуулатуу боюнча кезектеги сунушун бергенин бүгүн 19-июлда "Свобода" радиосу жазды. Мекеме орус жарандыгынан ажыратууга негиз боло турган себептердин тизмесин кеңейтүүнү, Орусиядагы мыйзамсыз мигранттар кылмыш кылса алардын бул өлкөдө уруксатсыз жүргөнүн айыбын оорлотуучу фактор катары кароону сунуштоодо.

Тергөө комитети иштеп чыккан чаралар Орусияга кирген жана чыккан чет элдиктердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берери белгиленди. Мындай чаралар арасында биометриялык каттоо, дактилоскопия, геномдук каттоо, иштеген жана жашаган жери боюнча маалыматты санарип каттоого алуу, бир батирге көп кишинин жапырт каттоого туруусуна бөгөт коюу бар.

Орусиянын жарандыгын алуу аскердик каттоого туруу менен чогуу жүргүзүлүшү керектиги да сунушталууда.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин депутаттардын кароосунда азыркы тапта миграция тармагын жөнгө салууга багытталган 25 мыйзам долбоору бар экенин билдирди.

Володиндин айтымында, келерки аптада парламенттин төмөнкү палатасы мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу режими боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карайт. Андай адамдар тууралуу маалымат атайын реестрге киргизилет. Мындан тышкары, депортациялоо боюнча чечим кабыл алуу процедурасын жөнөкөйлөтүү пландалууда.

Мамлекеттик Дума чет элдиктерге SIM карта сатуудагы талаптарды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун да экинчи окууда карайт.

Орусия эмгек мигранттарын өлкөдөн кетириш үчүн аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын 27-июнда Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдирген.

Ал орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айткан.

Тергөө комитетин 2011-жылдан бери башкарып келе жаткан Бастрыкин мигранттарга каршы мамилеси менен белгилүү. Ал миграция мыйзамдарын катуулатуу керек деп эсептейт. Быйыл жазында Москвада «Крокус Сити» борборунда кеминде 145 кишинин өмүрүн алганы айтылган кол салуудан кийин да ал мигранттарга каршы билдирүүлөрдү жасаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG