Кыргызгидрометеорологиялык кызмат билдиргендей, 20-июлга караган түнү Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жамгыр жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда өткүн өтөт. Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүндө 10...15, күндүз 22...27,
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14°.
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34°.
Дагы караңыз
Украинадагы согуш Евразиядагы сооданы жандантабы?Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын алмашатЫсык-Көл: быйыл күн жаанчыл, турист аз