Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Ош-Раззаков жолу жабылды

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында 18-июлда саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кайра сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ош-Баткен-Раззаков жолунун 55-57-63-чакырымдарын сел каптап, убактылуу жабылды. Кийинчерээк каттамдын 55-чакырымы бир тарапка ачылды.

Жол тазалоо иши жүрүп жатат.

Буга чейин ӨКМ 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайынан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, унаа жолдордо кулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору; Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Ноокен райондору; Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондору; Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору; Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондору; Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондору; Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунда сел жүрүү коркунучу ыктымал экени жарыяланган.

Ноокатта 28-30-июндагы катуу селде 10дон ашык адам каза тапкан. Расмий маалыматка караганда, быйыл жалпысынан 230дай сел болуп, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. (DSh)

Дагы караңыз

Урсула фон дер Ляйен Европа Комиссиясын дагы беш жыл жетектейтКыргыз-өзбек кызматташтыгы: Машине заводу кандай иштейт?