Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Урсула фон дер Ляйен Европа Комиссиясын дагы беш жыл жетектейт


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Европа парламенти Урсула фон дер Ляйенди Европа Биримдигинин аткаруучу комиссиясынын төрайымы кызматына экинчи мөөнөткө бекитти. Анын бул кызматтагы ишин дагы беш жылга узартуу тууралуу чечим бүгүн 18-июлда кабыл алынды.

«Дагы 5 жыл. Европарламенттин мага добуш берген бардык депутаттарынын ишеними үчүн канчалык ыраазы экенимди айтып жеткире албайм» деп жазды ал X баракчасына.

Фон дер Лейендин жеңиши 27 мамлекеттен турган блоктун саясатындагы Украинадагы согуш, климаттын өзгөрүшү жана миграция сыяктуу негизги багыттардагы иштин ырааттуу уланышынын камсыздалышы катары бааланууда.

Бүгүнкү добуш берүү жабык өттү. Жеңишке жетиш үчүн Урсула фон дер Ляйенге Европарламенттеги 719 мүчөнүн кеминде 360ынын добушу керек болчу. 401 мүчө «макул», 284ү «каршы» деген добушун беришти. Бул кызматка ал 2019-жылы дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG