Оштогу сел: Мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдөн улам суу ташыган

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштогу катуу селден кийин Ак-Буура дарыясына курулган чакан көпүрөлөр алына баштады. Дарыянын жээгине курулган көпүрөлөрдүн көпчүлүгүн жеке жарандар курган. Айрым өтмөктөр киши көп каттагандыктан, соода жайларына айланып кеткен.

14-июлдагы суу ташкында Ош шаарынын өзүндө эле 17 көпүрө авариялык абалга кептелген. Калаа жетекчилиги селдин себептерин изилдөөдө, таку ушул мыйзамсыз курулган көпүрөлөр суунун нугун бөгөп калган деген жүйөнү карманууда.