Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева жол кырсыгында каза болду

Бактыгүл Мырзаева

Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында каза тапты.

Облустук ички иштер башкармалыгы Өрнөк айылында 17-июль күнү авария болуп, үч киши мерт кеткенин билдирген. Алар - Ош облусунун тургундары 68 жаштагы жубайлар жана тогуз жаштагы небереси.

Баштапкы маалыматтарга караганда, аксакал минип бараткан "Тойота-Авенсис" үлгүсүндөгү автоунаасы кайрылып жатканда, ага "Мерседес-Бенц-210" машинеси келип урулган. Аны 20 жаштагы айдоочу башкарып бараткан.

"Тойота-Авенсис" автоунаасында бараткандар жеринде каза болгон, "Мерседестеги" эки киши жараат алып Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

Кийинчерээк Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаева аварияда мерт болгонун билдирди. Мырзаева мурдагы депутат, Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиеванын апасы. Маркум аталган китепкананы 1999-жылдан бери башкарып келаткан.

"Азаттык" радиосунун жамааты Аида Касымалиевага бул оор жоготуу үчүн көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, бул аралыкта 1200гө жакын жол кырсыгы 80ден ашуун адамдын өмүрүн кыйды. Былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгында 783 адам каза болгон. (AsK)

Дагы караңыз

Майыптыгы бар кишилердин жардамчыларына төлөм көбөйтүлдүУлуттук банк телефон шылуундары көбөйүп жатканын билдирди Баткенден табылган байыркы буюмдар