Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Майыптыгы бар кишилердин жардамчыларына төлөм көбөйтүлдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда майыптыгы бар кишилердин жеке жардамчыларына мамлекеттен берилчү төлөм көбөйтүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 1-июлдан тарта көмөкчүлөрдүн акысы 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин көтөрүлдү.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө боюнча майыптыгы бар адамдарды караган 14 537 киши катталган.

"Жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж, майыптыгы бар балдарга көрсөтүлөт. Башында мамлекет аларга 4900 сом төлөп берсе, 2022-жылы бул сумма 6268 сомгө көтөрүлгөн.

Аталган министрликтин быйыл апрелдеги эсебинде Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 213 миңден ашат. Анын 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар.(SE)

XS
SM
MD
LG