УКМК Ташиевдин атын жамынган блогерлер жөнүндө эскертти

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) соңку мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет колдонуучулар атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акча үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечип берүүгө убада кылган учурлар байкалып жатканын эскертти.

УКМК кайсы блогерлер экенин атаган жок. Атайын кызмат жарандарды Ташиевдин атын жамынган ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттер жөнүндө УКМКга кабарлоого чакырат.

Мекемеге кандайдыр бир маселе боюнча "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын негизинде кайрылса болот.

Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын же алардын жакындарынын атын жамынып, түрдүү жолдор менен акча алуу, талап-тоноо иштери болгону тууралуу буга чейин да кабарланган.

2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын уулунун атын сатып, өздөрүн "таасирдүү адамдарбыз" деп тааныштырган эки адам кармалганы маалымдалган. (TSh)

Дагы караңыз

Сел агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды