Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Сел агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды


Селге аккандарды издөө учуру. 14-июль, 2024-жыл. Ош, Ак-Буура дарыясы
Селге аккандарды издөө учуру. 14-июль, 2024-жыл. Ош, Ак-Буура дарыясы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жекшембиде сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды.

Ал - 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Издөө ишине кыргыз тараптын кайрылуусу менен Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган.

Каза болгон аялды Ош шаарынын борбордук базарынан сел агызып кеткен.

Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып, туулган жери - Оштун Он-Адыр кичи районунда жерге берилген. Төртөө тең бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары.

Катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташып, Оштогу борбордук базарды, чет-жакадагы айылдарды топон суу каптаган. Бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учурап, бир катар жарандар үй-жайсыз калган.

Селдин кесепетин жоюу, келтирилген чыгымды эсептөө иши уланууда.

XS
SM
MD
LG