Кытай Тажикстанда аскердик база куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Кытай Тажикстандын аймагында аскердик база куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кытайдын Тажикстандагы элчилиги 15-июлда тараткан маалыматта жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан кабарлар "негизсиз" деп аталды.

The Daily Telegraph басылмасы жакында Ооганстан менен чек арага жакын жерден спутниктен тартылган имараттардын сүрөтүн жарыялап, сөз Тажикстандын Шаймак деп аталган аймагы жөнүндө болуп жатканын, ал жерде тик учактар үчүн өзүнчө орун да бар экенин жазган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да бул макалага байланыштуу билдирүү жарыялап, Дүйшөмбү менен Бээжин “чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча жигердүү кызматташат” деп маалымдаган. Билдирүүдө эки өлкө чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка, баңги аткезчилигине жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташып жатканы айтылган, бирок база бар экени четке кагылган.

2019-жылы The Washington Post басылмасы Кытай бир нече жылдан бери Тажикстанда чек ара бекетин куруп жатканын жазган, эки өлкө тең андай маалыматты жокко чыгарган эле. (RK)

Дагы караңыз

"Эс алууга чыкканда агып кетти". Өмүрдү алган селСокулукта мыйзамсыз иштеген медресе аныкталдыМосквада эки кыргызстандык зордуктоого шек саналып кармалдыГрузия президенти “чет элдик агент” мыйзамы боюнча Конституциялык сотко кайрылды