Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Сокулукта мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды


УКМК тараткан сүрөт. 16-июль, 2024-жыл.
УКМК тараткан сүрөт. 16-июль, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусунун Сокулук районунда каттоодон өтпөгөн, тийиштүү документтери жок диний билим берүү мекемеси аныкталганын 16-июлда кабарлады. Аталган жайда башка аймактан келген 12-15 жашка чейинки жети бала билим алып жатканы такталган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган медресенин ишмердигин тийиштүү мекемелер комплекстүү текшерип, дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгын аныктаган.

Учурда медреселердин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлдү.

Мыйзамсыз диний ишмердикти уюштуруу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу" беренесинде каралган санкциялар колдонулары белгиленген.

УКМК тараткан сүрөт. 16-июль, 2024-жыл.
УКМК тараткан сүрөт. 16-июль, 2024-жыл.

Соңку учурда атайын кызмат уруксаты жок иштеп жаткан диний билим берүү мекемелерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын күчөтүп жатат.

Июлдун башында Караколдо жана Таласта мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталганын билдирген.

Анын алдында Баткенде "Мариям" деп аталган диний лагер текшерилип, кемчиликтерди жойгонго чейин анын иши убактылуу токтотулган.

УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата-энелерди жана жарандарды медреселердин ишмердигинин мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүгө, тийиштүү уруксат, лицензия жана белгиленген окуу программасынын бар-жогун кароого чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG