Ош: Катуу селден улам өзгөчө кырдаал режими кирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Ошто Ак-Буура дарыясы ташып, базарды каптады. Шаарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт адам изделүүдө.