Трамптын шайлоо өнөктүгү учурунда ок атылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШнын Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ок атылды. Ал сөзүн токтотуп, аянттан чыгып кеткенин, ок аткан киши жана кеминде дагы бир адам каза тапканын аймактын прокурору билдирди. АКШнын атайын кызматы иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Атышуу башталганда Трамп дароо отура калган, атайын кызматтын өкүлдөрү жана жансакчылар анын жанына жетип келип алып чыгып кеткен. Видеолордон анын оң кулагы канга боелгонун көрүүгө болот.