Пакистан 44 миң ооган жараны АКШ жана башка өлкөлөргө көчүрүүнү күтүп жатканын билдирди

Ооган-пакистан чек арасындагы ооганстандык качкындар.

Ооганстанда бийликке талибдер кайтып келгенден кийин өлкөдөн чыгып кетип, азыркы тапта Пакистандын аймагында убактылуу жашап жаткан кеминде 44 миң оогандык Батыш өлкөлөрүнө көчүрүү убадасынын аткарылышын күтүп, арсар абалда турушат. Бул тууралуу 11-июлда расмий Исламабад билдирди.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

120 миңдей киши, негизинен ооган жарандары башаламандык шартында учак менен Кабулдан чыгарылып кеткен. “Талибандан” качкандардын көбүнө Ооганстандын соңку 20 жылдагы тагдырына аралашкан өлкөлөрдөн жаңы жашоо убада кылынган.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул өлкөдө жашап жаткан оогандыктардын 25 миңи АКШга көчүүгө расмий уруксат алган, бирок алар дагы эле өлкөдөн чыга элек.

20 жыл бою, 2001-2021-жылдары АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстанда талибдерге каршы согуш жүргүзүп келишкен. Согуштун башталышына 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдар себеп болгон.

Талибдер «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Балыкчыдагы автобекет менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталдыКемпир-Абад иши: Прокурорлор шаардык сотко кайра жаңы апелляциялык сунуш берди Өзүн "УКМКнын кызматкери" деп чет элдик жарандан акча талап кылган киши кармалдыКишинев НАТОнун Молдовадагы орус аскерлерин чыгаруу чакырыгын кубаттады