Өзүн "УКМКнын кызматкери" деп чет элдик жарандан акча талап кылган киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзүн Улуттук кооппсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкери деп тааныштырып, Кытайдын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жаран колго түштү.

Бул тууралуу 12-июлда атайын кызмат билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, ал УКМК кызматкеринин атын жамынып, тергелип жаткан кылмыш ишти оң жакка чечип берүүнү убада кылган. Буга чейин да кытайлык жарандан 18 миң доллар алган деп шектелүүдө.

Ал 10-июлда кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар болушу мүмкүн башка кишилерди аныктоо аракети жүрүүдө.

Кыргызстанда буга чейин да атайын кызматтын же милициянын атын жамынып, башкаларга опуза кылган, акча алган учурлар болуп келгени тууралуу маалыматтар бар. (SE)

Дагы караңыз

Столтенберг Орусиянын коркутуп-үркүтүүсүнөн натыйжа болбосун айтты"517 гектар жер жарактан чыкты". Кен казуунун орду толгус кесепети Кемпир-Абад иши: Прокурорлор шаардык сотко кайра жаңы апелляциялык сунуш берди