АКШдагы шайлоо: Байден жарыштан четтейби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого төрт айга жетпеген убакыт калганда демократтар оңой эмес абалга кептелгендей. 27-июндагы дебаттан кийин 81 жаштагы президент Жо Байден жарышта калууга тийишпи же башка партиялашына орун бошотушу керекпи деген талаш күчөдү.

Сурамжылоолорго караганда, экс-президент, 78 жаштагы Доналд Трамптын Ак үйгө кайтып келүү ыктымалдыгы жогору. Мындан аркы окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн? Катардагы америкалыктар кимге артыкчылык берет? Дүйнөнүн ири державасындагы быйылкы шайлоо эмнеси менен маанилүү?