Айтургандын өлүмү боюнча ишти акыйкатчы көзөмөлүнө алды

Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-июлда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш боюнча “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

Акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жакында эле изилдөө жүргүзүлгөнүн, бул багытта иш алып барган мекемелердин ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жазганын кошумчалады.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышууда. Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Ушул тапта социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылууда.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. (BTo/KE)

Дагы караңыз

25 жаштагы Айтургандын өлүмүн милиция териштирип жатат Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде мыйзам бузуу аныкталдыАкылбек Жапаров Орусиянын банктарына Кыргызстанда филиал ачууну сунуштадыТаласта эки айылдын тургундары жол маселеси боюнча акцияга чыктыСелден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяландыӨКМ: Баткендин сел каптаган Ак-Татыр айылынан 100дөй тургун эвакуацияланды10-июль: Израилдин чабуулунан Газада 20дан көп киши каза тапканы кабарланды, ЖМК мыйзамы коомдук талкууга коюлду