НАТОнун 32 мүчөсү Вашингтонго чогулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Вашингтондо 32 өлкөнүн башын бириктирген НАТОнун кезектеги, мааракелик саммити өтүүдө. 75 жыл мурда түзүлүп жатканда “кансыз согуштагы” башкы душманы Советтер Союзу болгон альянстын азыркы негизги коркунучу Орусия болууда. 2,5 жылдан бери Орусиянын агрессиясынан жабыркап келаткан Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнөдөгү коопсуздук үчүн АКШнын ролун жана жоопкерчилигин белгиледи.