Өзбекстанда жоголгон орусиялык жаран Москвада камакка алынды

Георгий Пирогов.

Өзбекстанда бир нече күн мурда дайынсыз жоголгон орусиялык жаран Москвада "мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн" айыпталып камалганын Телеграм-каналдар жазышты. "Астра" тараткан маалыматка ылайык, Георгий Пирогов учурда "Матросская тишина" убактылуу кармоочу жайында отурат.

Телеграм-каналдар жазгандай, Орусия Украинага кол салганы Пирогов Грузияга чыгып кетип, өндүрүш альпинисти болуп иштеп жаткан. Быйыл июль айынын башында иш боюнча Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан жумуриятына барып, Кунград шаарында дайынсыз жоголгон. Автоунаасы көп өтпөй аймактын борбору Нукустан табылган.

Кийинчерээк жакындарына Пирогов Москвадагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын угузушкан.

Ал эмне болуп, кандай шартта Орусияда болуп калганы азырынча беймаалым. "Медиазона" басылмасы Пироговдун ишин Федералдык коопсуздук бюросунун Москва жана Москва облусу боюнча башкармалыгы карап жатканын жазды.

Ал эмне кылганы үчүн кармалганы дагы так белгисиз.

Буга чейин Бишкекте да орусиялык активисттер белгисиз жагдайларда жоголуп, кийин алардын дайыны Орусиядан чыккан учурлар болгон.

Дагы караңыз

Президент өлкөдө кесипкөй адистер жетишпей жатканын айттыСултан Раев Европанын так илимдер академиясынын академиги болдуЛаззат Нургожоеванын жигити баңгизат таратууга шектелип кармалды