Украинага каршы согушуп жүргөн индиялыктар мекенине кайтарылат

Владимир Путин жана Нарендра Моди.

Орусиянын коргоо министрлиги менен келишим түзүп, азыркы тапта орус аскерлеринин катарында Украинада согушуп жүргөн Индия жарандары аскерден бошотулуп, үйүнө коё берилет. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда индиялык NDTV телеканалы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, премьер-министр Нарендра Моди бул маселени 8-9-июлдагы Москва сапары учурунда көтөрдү. Расмий сапар алкагында ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөргөн.

NDTV Индиянын жыйырма чакты жараны көп маяна убада кылган адамдардын азгырыгына кирип, Украинага жөнөтүлгөнүн билдирди.

Индиянын тышкы иштер боюнча катчысы Винай Кватра орус аскерлеринин катарында индиялык 30-40 киши согушуп жүргөн болушу ыктымал экенин, алардын 10у мекенине кайтарылганын айткан.

Reuters маалымат агенттиги Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн индиялыктардын жалпы саны 100гө жакын экенин, алардын кеминде экөө согуш талаасында каза болуп, сөөгү ошол жакта калганын кабарлаган.

Быйыл март айында Индиянын жети жараны видеокайрылуу жарыялап, аларды Украинадагы согушка Орусия тарапта согушууга мажбурлап жатышканын билдиришкен. Беларуска барганда аларды милиция кармап кетип, орусиялыктарга өткөрүп беришкен. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстан "жагымсыз" чет элдиктерди өлкөгө киргизбөөнү чечти Орусияда мигрантты депортациялоо мыйзамдарын күчөтүү сунушталуудаЫшталган чучук, арпадан чай. Айымдар ойлоп тапкан жаңы даамдар Украина: балдар ооруканасына сокку урулду, жапырт аткылоодон 40тай адам каза тапты