Франциядагы шайлоо, күтүүсүз жыйынтык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Францияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында күтүүсүздөн солчулдардын "Жаңы элдик фронт" альянсы алдыга чыкты. 7-июлдагы добуш берүүдө буга чейин утары болжолдонуп жаткан ашынган улутчулдар үчүнчү орунду араң ээледи.

Эч бир партия парламентте көпчүлүк добушка ээ болбогондуктан, байкоочулар француз саясаты туңгуюкка кептелерин айтууда.