"Апрелчилерге" фабрика курула баштады. Бакиев ага 1 млрд сом береби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте "Манас” аэропортуна кетип бараткан жолдо “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Анын жерин мамлекет бөлсө, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү 1 млрд сом бере турганы айтылып жатат.

Мекенинде 30 жылга соттолгон качкын президенттин мындай планын Апрель окуясында жакынын жоготкон жана жабыркагандардын бир даары сындап, “өтө шектүү иш” катары баалашууда.