Орбан Киев жана Москвадан кийин Бээжинге барды

Виктор Орбан жана Си Цзинпин. 2024-жылдын 8-июлу.

Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу өткөнүн бүгүн 8-июлда "Синхуа" мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Кытай басма сөзү жолугушууда негизги тема Украина маселеси болгонун жазып жатышат. CCTV телеканалы Си дүйнөлүк державалар Орусияга жана Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жардам бериши, тезирээк тынчтык орнотуш үчүн эки тарапка тең «позитивдүү таасир» этиши керек деп айтканын, кытай тарап тынчтык сунуштарын бергенин маалымдады.

1-июлда Европа Биримдигиндеги жарым жылдык төрагалык кызматка киришкен Венгрия өкмөтүнүн башчысы алгачкы бир апта ичинде ушуну менен үчүнчү өлкөгө барышы. Бул сапарларын ал өзү «тынчтык орнотуу миссиясы» деп атоодо.

Алгач Киевде украин президенти Владимир Зеленский, андан кийин Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөргөн Орбан Швейцариянын Die Weltwoche басылмасына 6-июлда курган маегинде жаңы аптада да Украинадагы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантарын айткан.

2-июлда Украинага барганда ал Орусия менен сүйлөшүү баштоо үчүн атышууну токтотууну сунуш кылган. Зеленский атышууну андан кийин эмне кылуу керектиги жөнүндө так план жок шартта токтотуу согуштун аякташына алып келбей турганын, жөн гана убактылуу «тоңдуруп» коюу болорун жолугушуудан кийин Bloomberg басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып айткан.

Ошону менен катар украин лидери согуш Киев үчүн да, бүт дүйнө үчүн да акыйкат шартта токтошу үчүн АКШ менен Кытай ички пикир келишпестигин жоюп, Орусия менен сүйлөшүүлөргө биргелешип ортомчу болушу зарыл экенин белгилеген.

5-июлда Кремлде Орбан менен жолугушууда Орусия президенти Владимир Путин Москва Украинанын кайсы аймактарын аннексиялап алган болсо, ошол жактагы украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылган.

Орбан эки өлкөнүн башчылары менен жолугушууларынан кийин Киев менен Москванын позицияларында чоң айырмачылык бар экенин билдирген.

Евробиримдик жетекчилигинин өкүлдөрү жана мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын лидерлери Орбандын билдирүүлөрүнө жана соңку аракеттерине анча ишене бербеген мамилесин айтып, ал орусиячыл саясатчы экенин эсертип белгилеп жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Газадагы согуш: Борбор Азия арачы боло алабы? Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,3 млрд доллардан аштыАба ырайы: тоо этектеринде жаан жаайтОоган согушунун ардагерлеринин күнү, маанайы чөккөн футбол күйөрмандары (сүрөт баян)