Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:45

Аба ырайы: тоо этектеринде жаан жаайт


9-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 31…33° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 7-июлда күндүз 21,8°, 8-июлда эртең менен 20,2° болду.

XS
SM
MD
LG