Ысык-Көл облусунда чагылгандан 250 кой өлдү

Чагылган тийип өлгөн койлор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылында чагылган түшүп, 250 баш кой өлгөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгы 7-июлда Жазы-Кечүү жайлоосунда болгон.

Окуя болгон жерге тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр жаап, аба ырайы туруксуз болорун эскертип жатат. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Кербен шаардык кеңешинин депутаты кармалганын билдирдиОлжобай Шакирдин иши боюнча облустук соттогу отурум болбой калдыФранциядагы шайлоодо солчулдар алдыга чыктыБУУнун комиссары Пакистандагы ооган качкындары менен жолуктуИзраилде ХАМАСтын барымтасындагыларды бошотууну талап кылган акциялар уланды