Израилде ХАМАСтын барымтасындагыларды бошотууну талап кылган акциялар уланды

Израил полициячылары өкмөт каршы демонстранттар койгон өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатышат. 7-июль, 2024-жыл.

Израилде жүздөгөн адамдар 7-июлда Тель-Авивдеги башкы жолдордун бири тороп, өкмөттөн ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун барымтасындагыларды бошотууну талап кылышты. Алар туура тогуз айдан бери уланып жаткан согуш үчүн Израил бийлиги жоопкер деген пикирин билдирип жатышты.

Өкмөттү ХАМАС менен ок атышууну токтотуу боюнча келишимге барууну талап кылган митингдер 6-июлда эле башталган. Жекшембиде демонстранттар өлкө боюнча кан жолдорду тороп, мамлекеттик мекемелердин алдына чыгышты.

Рейтер агенттиги өз булактарына таянып 6-июлда жазгандай, ХАМАС радикал тобу барымтадагыларды бошотуу боюнча Вашингтондун сунушун кабыл алды. Маалыматка караганда, ХАМАС буга чейинки келишимге кол койгуча Израил тарап ок атышууну толугу менен токтотсун деген талабынан баш тарткан. Эгер расмий Тель-Авив макулдашууга кол коюуга макул болсо согушту токтотууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Израил армиясынын Газа тилкесинде аскердик операциясынын башташына 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулу түрткү болгон. Анда куралдуу согушкерлер Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алганы кабарланган.

Тогуз айдан бери уланып жаткан согушта Газа тилкесинде каза болгондордун саны 38 миңге жеткенин аймактын Саламаттык Сактоо башкармалыгы билдирди.

Дагы караңыз

Воронежде дрон чабуулдарынан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды Ирандын шайланган президенти Пезешкиан кийинки айда ант беретТашиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады