Газа: Мектепке урулган соккудан 16 кишинин өмүрү кыйылды

Газа тилкесиндеги мектептин имаратына жасалган аба соккунун кесепети. 6-июль, 2024-жыл.

Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Ан-Нусейрат качкындар лагеринин аймагындагы Улуттар Уюмуна караштуу мектепке 6-июлда Израил армиясынын аба соккуларынан кеминде 16 киши каза тапканын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Жарандык коргонуу кызматынын өкүлү Махмуд Басалдын айтымында, жараат алгандардын айрымдарынын абалы оор болгондуктан курмандыктар дагы өсүшү мүмкүн.

Израил аскерлери соккулар бул райондо жашырынган ХАМАС радикал уюмунун согушкерлерине багытталганын жүйө кылышты. Бул топ АКШ менен Евробиримдикте террорчул уюмдардын катарына кошулган. ЦАХАЛ карапайым тургундардын арасындагы жоготууларды азайтуу үчүн бардык чараларды көргөнүн кошумчалады.

Соккулар Газа тилкесинде тогуз айдан бери уланып жаткан согушту токтотуп, ХАМАСтын барымтасындагы израилдиктерди бошотуу боюнча аракеттер күчөп жатканда жасалды. 6-июлда Израилде он миңдеген адам өкмөттү ХАМАС радикал уюму менен ок атышуу боюнча келишим түзүүгө чакырып, ири акцияга чыгышты.

Израил армиясынын Газа тилкесинде аскердик операциясынын башташына 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулу түрткү болгон. Анда куралдуу согушкерлер Израилдин конуштарына кирип барып 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алганы кабарланган.

Тогуз айдан бери уланып жаткан согушта Газа тилкесинде каза болгондордун саны 38 миңге жеткенин аймактын Саламаттык Сактоо башкармалыгы билдирди.

Дагы караңыз

Францияда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жататЕвро-2024: Жарым финалга чыккан командалар аныкталдыЫсык-Көлдө "Жайчы" агро-фестивалы өттүВоронежде дрон чабуулунан курал-жарак кампасы өрттөндү