Украинанын 12 облусуна абадан чабуул жасалды

"Шахед". Иллюстрациялык сүрөт.

6-июлга караган түнү Украинанын 12 облусуна ракеталык чабуул жасалды. Жалпы сокку урган 27 ракетанын 24ү атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрү билдирди.

"Шахед" сыяктуу дрондор Винницки, Днепропетровск, Донецк, Запорожье, Киев, Кировоград, Николаев, Полтава, Сумы, Харьков, Херсон жана Чернигов облустарынын үстүнөн атып түшүрүлдү. Орусиялык күчтөр коңшу өлкөнү түндө 27 ракета менен аткылаган.

Соккудан улам Сумыда бир катар райондор электр жарыгысыз калып, жети сааттай суу чыкпай калган. Калыбына келтирүү иштери уланууда.

Днепропетровск облусунда инфраструктура, турак жай, дүкөн жана автоунаа жабыркаган.

Калган облустардан аткылоонун кесепети тууралуу маалымат берилген жок.

Орусия тарап чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Ал арада Орусиянын Краснодар крайында дрон чабуулунан эки мунай базасы өрттөндү, мобилдик байланыш мунарасы жабыркады. Бул тууралуу аймактын ыкчам штабы маалымдап, чабуул үчүн Украинаны айыптады.

Маалыматка караганда, эки райондун үстүнөн дрондор атып түшүрүлгөн. Биринин сыныгы мобилдик байланыш мунарасын жабыркаткан. Павлов районунда жана Ленинград станциясында эки мунай базасындагы күйүүчү май резервуары өрттөнүп кеткен.

Орусиянын Коргоо министрлиги 6-июлга караган түндө Курск облусунун үстүнөн жети, Белгороддо бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Дагы караңыз

Июнь коогасына шектелген адам кармалдыАтайын кызмат кармалган топ 31-августта теракт уюштурууну пландаганын билдирдиДепутат кылмышка шектүүлөрдөн табылган документин жоготуп алганын айтуудаТүрк мамлекеттеринин Шуша саммити. Орусиядан көңүлү калган Армения