Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Депутат кылмышка шектүүлөрдөн табылган документин жоготуп алганын айтууда


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

5-июлда бийликти басып алууга шек саналып кармалгандардын үйүн тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскер билети табылган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги (УКМК) булактарына таянып, "Кактус" медиасы жазды.

Көп өтпөй депутат Марлен Маматалиев Фейсбуктагы баракчасына аскер билетин, паспортун, дипломун 2010-жылкы Апрель окуяларынын тушунда жоготуп алганын билдирди.

Депутаттын баракчасындагы жазганына караганда, кийинчерээк кайра калыбына келтирген документтери 2020-жылкы Октябрь окуясы учурундагы башаламандык учурунда Жогорку Кеңештеги сейфинен кайрадан жоголгон.

"Бул кылмышкерлерге эч кандай тиешем жок. Балким алар ошол мезгилдеги парламентте сейф бузгандар болушу мүмкүн. Алар бул үчүн да жооп бериши керек", - деп жазды Маматалиев.

УКМК 5-июлда маалымат таратып, Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген.

Шектүүлөрдүн буюмдары. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүлөрдүн буюмдары. УКМК тараткан сүрөт.

Ага ылайык, алар массалык башаламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну максат кылышкан деп айыпталууда.

“Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды”, - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат шектүүлөр кайсы аймактан жана качан кармалганы тууралуу маалыматты тактаган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG