Атайын кызмат кармалган топ 31-августта теракт уюштурууну пландаганын билдирди

Шектүүлөрдүн буюмдары. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топ быйыл 31-августта улуттук ат чабыш ойнотулуп жатканда теракт кылууну пландаганын билдирди.

Мекеме 6-июлда тараткан маалыматта, алар массалык башаламандык уюштуруп, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөшкөнүн, алар жаштар көп чогулган ат чабыш оюндары жүргүзүлүүчү жерде талап-тоноо, карапайым элдин мүлкүн талкалап, массалык башаламандыктарды жүргүзүүнү, жыйынтыгында бийликти басып алууну көздөшкөнү айтылат.

"Бул топтун өлкө башчыларына кол салуу ниети болгону да аныкталган. Негизги максаты - бийликти басып алуу экени да ачык болгон. Пландалган массалык башаламандыктар учурунда курал-жарак, спорт ок аткычтар клубдарын, мергенчилик дүкөндөрдү басып алууну көздөшкөн. Ар бирине жүктөлгөн тапшырмалары болгон. Колго жасалган жардыргыч заттардын тетиктерин, курал-жарак, байланыш жок болуп калганда колдонулуучу рация, уулуу заттарды чачуу үчүн дрондорду сатып алып жүрүшкөн. Массалык башаламандыктар учурунда элге жана күч кызматкерлерине аралашып кетүү үчүн 100 комплект милициянын жана аскер формаларын сатып алышкан, Булар пландарын ишке ашырууда көп курмандык болорун эсептегенде, аларды чыныгы террордук топ деп атоого негиз бар", - деп айтылган маалыматта.

УКМК бул топтун айрым мүчөлөрү коррупцияга айыпталып, жоопкерчиликке тартылган адамдарды өздөрүнө тартууга аракет кылганын жана алардан каржылык колдоо издешкенин кошумчалады.

Коопсуздук кызматы бул топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана автоунааларын тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар жана ЖК депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет табылганын да билдирди.

- 50 даана мылтык;
- 20 даана тапанча;
- 255 миң 238 даана ок-дарылар;
- 200 даана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 даана баш кийимдер;
- 38 даана ок өтпөс кийимдер;
- 2 даана дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынган.

УКМК учурда бул иш боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын, жакынкы арада "көшөгө артындагы чыныгы жүздөр" аныкталарын жана сөзсүз жазаланарын билдирди.

Аталган кызмат 5-июлда Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Коопсуздук кызматы тараткан маалыматта айтылып жаткан аскер билетин 2020-жылкы Октябрь окуялары учурунда парламенттин сейфинен алып чыгып кетишкенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.(ZKo)

Дагы караңыз

Түрк мамлекеттеринин Шуша саммити. Орусиядан көңүлү калган Армения"Жамгырда" катылган бир доор Июнь коогасына шектелген адам кармалдыИранда жаңы президент шайланды. Тегеранда эмне өзгөрөт?Депутат кылмышка шектүүлөрдөн табылган документин жоготуп алганын айтууда