Бишкек-"Манас" автобустук каттамы кайра жанданды

153-автобус.

Борбор калаа Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортун көздөй №153 экспресс-автобустун каттамы жанданат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык каттам Бишкектин 12-кичи районунан чыгып, акыркы аялдамасы "Манас" аэропорту болот. Каттамга Isuzu үлгүсүндөгү 17 автобус бөлүнгөн. Автобустардын жүрүү интервалы 10-12 мүнөт.

Автобус экспресс системасында жүрөт, айрым гана аялдамаларга гана токтойт.

Салондогу отургучтардан тышкары жүргүнчү салбайт.

Автобуста жүрүү акысы - накталай 140 сом, карта менен төлөөчүлөр үчүн 122 сом.

Мэриянын маалыматында, автобустар аба муздаткыч кондиционер менен жабдылган.

Борбор калаа менен "Манас" эл аралык аэропортунун ортосунда каттаган №153 автобустук каттам аэропорт курулуп, ишке берилгенден тартып, Советтер союзу кулаганча иштеген.

Өткөн кылымдын 90-жылдары белгисиз себептерден улам каттам ишин токтоткон.(ZKo)

Дагы караңыз

Түрк мамлекеттеринин Шуша саммити. Орусиядан көңүлү калган Армения"Апам түшүмө күндө кирет". Энеден ажыраган тогуз бала Иранда жаңы президент шайланды. Тегеранда эмне өзгөрөт?Депутат кылмышка шектүүлөрдөн табылган документин жоготуп алганын айтууда