УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалганын билдирди

Табылган буюм, курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Атайын кызмат 5-июлда тараткан маалыматка ылайык, алар массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну максат кылышкан деп айыпталууда.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында (К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б.) беш адам кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинткенде колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып алынды. Ушул тапта кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат шектүүлөр кайсы аймактан жана качан кармалганы тууралуу маалыматты тактаган жок. (BTo)

Дагы караңыз

Аскер белети үчүн пара талап кылган кызматкер кармалдыКарачай-Черкес жумуриятында никабга убактылуу тыюу салынды Британия: парламенттик шайлоодо Кир Страмер башында турган лейбористтер алдыга чыктыСадыр Жапаров ТМУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кеттиБишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталдыСот Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты"Электр станциялары" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды