2-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери облустук соттун эки судьясын кармаганы, алар соттолуучудан 6 миң доллар пара алууга айыпталып жатканы белгилүү болгон.
"Алгач 10 миң, андан соң 6 миң доллар сураган"
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Чүй облустук соттун судьялары Тилек Абдырашитов жана Улукбек Калыбеков "катчы аркылуу соттолуучудан алты миң доллар алып, ич ара бөлүп алышкан". Аларды кармоо учурунда судья Улукбек Калыбеков кызматтык автоунаасы менен качып, кырсыкка кабылганы да айтылды.
“Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н.дан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң доллар талап кылган. 6 миң доллар алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Облустук соттун судьялары “Пара алуу”, “Опузалап пара алуу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайданалуу” беренелери менен айыпталууда. Алардын кандай иш үчүн, кимден пара талап кылганы кабарланган жок. 3-июлда Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берип, кызматтан четтетүү сунушун президентке жиберген.
4-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрүп, Чүй облустук сотунун судьялары менен болгон акыркы көрүнүштү талкуулады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Базарбеков анда мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын белгилеп, сот системасы да андан четте калбасын дагы бир жолу эскертти.
“Сот системасында жеке кызыкчылыгы бар судьяларга “орун жок” деп бир нече жолу эскерткениме карабастан, тилекке каршы, айрымдары жыйынтык чыгарбагандыгы көрүнүп турат. Мен дагы бир жолу эскертип коёюн, укук коргоо органдарынын мындай көрүнүштөрдү жоюу жана өзүн булгаган судьялардан арылуу боюнча иш-аракеттерине мен, Жогорку соттун төрагасы катары колдоо көрсөтөм”, – деген анда Замирбек Базарбеков.
Чуулгандуу иштерди караган судьялар
Атайын кызмат кармаган Тилек Абдырашитов менен Улукбек Карыбеков буга чейин бир нече чуулгандуу иштерди караган. Селекцияда бычакталган Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн зордуктоого байланыштуу ишин караган соттук коллегиянын курамында аталган судьялар болгон. Ногойбаева облустук сот ишти негизсиз создуктуруп келгенин айткан эле.
Ошондо Абдырашитов менен Карыбековдор түшүндүрмө берип, экинчи инстанцияда соттук апелляциялык арыз негиздүү себептерден улам жылдырылып келгенин, анын ичинде сот отурумуна жабырлануучу эки жолу келбей калганын айтышкан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Судья Тилек Абдрашитов 2010-жылы Аскер сотунда иштеп турганда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан сот өкүмүн күчүндө калтырган.
Коррупция менен күрөшпү же сотторго кысымбы?
Соңку жылдары бир нече судья пара алууга айыпталган. Мындай иштердин көбүн УКМК алып барууда. 2023-жылы 35 судья тартиптик жазага тартылганы, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени айтылган. Ал эми 16-апрелде ошол учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев 2023-жылы судьяларга каршы 11 кылмыш иши козголгонун билдирген.
Мисалы, 2023-жылы сентябрда Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова 5 миң доллар, ошол эле жылы октябрда Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылганы үчүн кармалган. Быйыл 21-мартта Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 12 миң доллар пара үчүн кармалган. Ушул эле райондук соттун судьясы Акылбек Адимовго дагы ушундай эле айып тагылган.
Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов коррупция менен күрөштө сот системасына артыкчылык берилбеши керек деп эсептейт.
"Коопсуздук кызматына ыкчам маалымат түшсө, алар текшерүүгө, чара колдонууга милдеттүү. Ал сот системасыбы же башка системабы ага карабаш керек. Мыйзамда каралган тартипте өз иштерин аткара берет. Көз көрүнө кармалып атса, аны сот бийлигине басым катары баалаш болбой. Тилекке каршы күч органдарында, бажыда, салыкта ушундай көрүнүштө катталып атат. Аларга кошумча сот тармагында да ушундай маселе бар".
Ошол эле учурда сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууда судьяларды кармоо, аларды камоо аздык кыларын айткандар да жок эмес. Адвокат Канат Хасанов соңку жылдары райондук, облустук соттор күч органдарынан аябай коркуп калганын, анын айынан көп учурда тергөөчүгө керек болгон чечимдерди чыгарып жатканын белгиледи:
"Пара алып, анын негизинде байып аткан такыр туура эмес. Бирок бул жерде экинчи маселе бар. Сот тармагы бийликтин бир бутагы болуп эсептелет. Алар ушундай окуялардын айынан өзүнүн көз карандысыздыгын жоготуп жатат. Мисалы, шаардагы айрым райондук соттор ар кандай чечим чыгарып жатат. Себеби күч органдары аларды кармап, коркутуп жатып эле баш ийдирип алды да. Анын айынан тергөө органдары чыгарган туура эмес токтомдорду колдоп эле жатышат. Албетте пара алып жаткан судьяларды эч ким актаган жок. Ошол эле учурда сотторду кодулай берген туура эместигин да айта жүрөлү".
Эл аралык республикалык институттун быйыл июлда жарыялаган изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан 1500 адамдын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй коррупция экенин, сот системасы жемкорлукка батканын белгилеген.