Милиция спортчу Ален Офойонун кайрылуусуна жооп берди

Ален Офойо

Кыргызстандык спортчу Ален Офойо жактоочулары менен 2-июлда Бишкекте маалымат жыйын куруп, анын аялы жабыркаган окуя боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылган. Спортчу президенттен ишти көзөмөлгө алууну суранган болчу.

4-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы спортчунун аялы катышкан окуя боюнча маалымат берди. 2023-жылы 22-ноябрда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө спортчу Ален Офойонун аялы арыз менен кайрылган. Ал 22-октябрда У аттуу жаран аялы менен аны сөгүп, кол көтөргөнүнө даттанган.

Алгач Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) менен кылмыш иши козголуп, кийин тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгы менен 130-беренеге (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) алмаштырылган. Учурда ишти Бишкек шаарды ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы иликтеп жатат.

Милиция шектүүлөр жөнүндө маалымат берген жок.

Былтыр октябрда Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги окуяга байланыштуу Офойого каршы арыз түшкөн. Анда аялына жол бошотпой койгон кишини спортчу бетке урганын, натыйжада эки тиши түшкөнү айтылган.

Кийин эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазып, тийиштүү экспертизалар дайындалганы, жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери кабарланган.

Ален Офойо кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын, Европанын жана Евразиянын чемпиону. (TSh)

Дагы караңыз

Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди