Бишкекте Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 46 миң сом айып салынды

Башаламан ыргытылган дары-дармек калдыктары.

Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерине 46 миң сом айып пул салынды.

Мэриянын басма сөз кызматы алар медициналык каражаттардын калдыктарын коопсуздук чараларын сактабай ыргытканы үчүн ушундай жазага тартылганын билдирди.

3-июлдагы расмий маалыматка ылайык, Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери аталган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан жерден шприцтер жана ампулалар, мээлейлер, жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктарын тапкан.

Медицина кызматкерлерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин тиешелүү беренелери менен чара көрүлгөнү белгиленет.

Эреже боюнча, бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек. Медициналык калдыктарды башаламан таштоо жана өрттөө үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик каралган. (SE)

Дагы караңыз

Рысмендеева: Ордо - мамлекет башкарууну туюнткан оюн "ИМге жалдоо чордону болгон Тажикстандан АКШга баргандар өскөн" АКШга мыйзамсыз миграция уюштургандар "Ислам мамлекети" менен байланыштабы?