Он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыкты

Алга Кылычевдин жакындары Бишкектеги Горький паркында. 2-июль, 2023-жыл.

Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары 2-июлда Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жасашты. Алар Кылычевдин күнөөсү жок экенин айтып, абактан бошотууну суранышты. Жубайы Гүлнур Ниязова алты баласы менен жалгыз калганын жана күйөөсүнүн саламаттыгына кабатыр болуп жатканын билдирди.

Алар ушу тапта Кыргызстанда жүргөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришти бул окуяга көңүл бурууга чакырды.

Аламүдүн райондук соту 21-июнда жарандык активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевди 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга камоону өкүм кылган. Кылычев сот өкүмүнө макул эместигин, соттун жогорку баскычына кайрыларын "Азаттыкка" билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. Алга Кылычевдин иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна берилген.

Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдиришкен. (TSh)

Дагы караңыз

ӨКМ апта бою тоолуу райондордо сел коркунучу бар экени эскертти