Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Азис Сапаралиев

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Былтыр марттан бери жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп келген Мелис Тургунбаев быйыл июндун аягында Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. Ошондон бери министрлик орун бош турган.

Азис Сапаралиев 45 жашта. Буга чейин ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, кийин мекеме Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети болуп уюшулган маалда да анын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. (ErN)

Дагы караңыз

Украинада кол салууга кабылган казак активисти Садыков каза болду Мэрияга өткөн Бишкек ЖЭБинде жетекчи алмаштыКазакстандын президенти Кыргызстандын президентине көңүл айттыБУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келдиТоктогул атындагы мамлекеттик сый акы тууралуу жарлыкка кол коюлдуОрусияда эки тажик оппозиционерин камоого ордер берилдиТүркия менен Кыргызстан консулдук мамилени талкууладыКазак ишкери Грекиядагы өрт боюнча тергөөгө катышууга даяр экенин айтты