Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Украинада кол салууга кабылган казак активисти Садыков каза болду


Айдос Садыков. Архивдик сүрөт.
Айдос Садыков. Архивдик сүрөт.

Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Бул тууралуу активисттин жубайы Наталья Садыкова Фейсбуктагы баракчасына жазып, күйөөсү Киевде 2-июлда үзүлгөнүн билдирди.

“Айдос Казакстан үчүн жанын берип, киллерлердин колунан каза болду. Айдос 13 күн реанимацияда жашоо үчүн күрөшүп, бирок эч кандай керемет болгон жок. Анын өлүмү Токаевдин абийиринде”, - деп жазды.

Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жаткан Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон.

Бул үчүн эки казакстандык жаран шек саналууда. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракети башталганы кабарланган.

Украинанын Башкы прокуратурасы 20-июндагы маалыматында кылмышка 36 жаштагы Алтай Жаканбаев жана 33 жаштагы Мейрам Каратаев шек саналып жатканын, кылмыш иши “Буюртма боюнча алдын ала сүйлөшүп, топтошуп алып адам өлтүрүүгө аракет кылуу” деген берене менен козголгонун билдирген.

Шектүүлөрдүн бири Алтай Жаканбаев Казакстандын күч органдарына өзү барып колго түшкөнүн казак Башкы прокуратурасы 21-июнда маалымдаган.

Айдос Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык “Азат” партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Ал негиздеген YouTube'дагы БӘСЕ каналында миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.

Наталья Садыкова ок Айдос Садыковдын чыкыйына тийгенин айтып кол салууну күйөөсүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал Айдос Садыковду көз алдында атып кетишкенин билдирип, кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Касым-Жомарт Токаевге жүктөгөн.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев зарыл болсо тергөөгө жардам берилерин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG