Селден улам Ош-Раззаков жолундагы көпүрө урап, каттам жабылды

Ноокат. Ош-Раззаков жолундагы көпүрө 28-июндагы селден кийин. 2024-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат ылайык, 30-июнда саат 20:30 чамасында Ош-Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы жабылды. ӨКМ бул аймакта селдин кесепетинен тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. Кошумча маалымат берилерин билдирди.

Президенттин Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү жабыркаган адамдар жок экенин маалымдады.

Мекеме Ош-Баткен жолу жабылгандыктан жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.

28-июнда катуу селден кийин Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел онго жакын кишинин өмүрүн алды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.

Дагы караңыз

БУУнун Дохадагы жыйынына биринчи жолу талиб делегациясы келдиСелден улам Папан-Лаглан убактылуу жабылды

жолу жабылгандыктан, жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.