Үч округдагы шайлоо: Марипов, Салымбеков, Тыналиев алдыга чыкты

Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

Ага ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыкты. Бул шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 25 миң 611 (28.13%) добуш берди. Бул округ боюнча дагы эки шайлоо тилкесинин жыйынтыгы келе элек.

№29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков 10 миң 611 (64.61%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озду. Бул шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 16 миң 424ү (13.36%) добуш берди.

№36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев 3498 (16.04%) добуш алып, атаандаштарын артка калтырды. Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 21 миң 807 (22.40%) добуш берди.

30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө аялдар. (TSh)

Дагы караңыз

Францияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат