Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Францияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат


Франциядагы шайлоо, 30-июнь 2024-жыл.
Франциядагы шайлоо, 30-июнь 2024-жыл.

Францияда президент Эммануэл Макрон мөөнөтүнөн мурда жарыялаган парламенттик шайлоонун биринчи туру өтүп жатат. Бул шайлоодо Жордан Барделла жетектеген “Улуттук биримдик” аттуу ашынган оңчулдардын партиясы алдыга чыгат деп күтүлүүдө.

Жекшембиде чак түштө шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгы добуш берди. Бул соңку 40 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

9-июндагы Европарламенттин депутаттарын шайлоодо ашынган оңчулдар жеңишке жетишкенден көп өтпөй Макрон кезексиз парламенттик шайлоо жарыялаган. Ал Европарламентке шайлоонун жыйынтыгы өкмөт үчүн өкүнүчтүү болгонун, ошол эле маалда француздардын эркин көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместигин айткан.

Жекшембидеги шайлоодо француз парламентиндеги 577 мандат үчүн жүздөгөн талапкерлер ат салышууда. Кайсы бир партия парламентте абсолюттук көпчүлүктү түзүшү үчүн 289 мандатка ээ болушу керек.

Бир дагы талапкер 50 пайыздан ашык добуш топтой албаган округдарда 7-июлда шайлоонун экинчи туру өтөт. Экинчи турга кеминде 12,5 пайыз добуш алган талапкерлер катышат.

Алдын ала жоромолдор боюнча, 30-июндагы биринчи турдун жыйынтыгы менен Франциядагы саналуу округдарда гана жеңүүчү аныкталышы мүмкүн. Бирок ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы бүгүн ондогон округда талапкерлери так жеңишке жетерин билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG