Ноокат: адам өмүрүн алган селдин кесепети

28-июнда Абшыр-Атага эс алууга барып, селден кийин артка кете албай калган элди куткаруу иштери жүрүүдө. 

Элди куткаруу иштери. 

Сел жолду жууп кеткенде токтоп калган автомашина. 

Элди куткаруу иштери. 

Элди куткаруу иштери. 

Элди куткаруу иштери. 

28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды. 29-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Абшыр-Ата эс алуучу жайында жана Кезарт жайлоосунда жүздөгөн киши калып калгандыгы аныкталганын билдирген. Аларды куткаруу иштери уланууда. 

Суу ташкыны көпүрөлөрдү жууп кетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматтары боюнча 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө. 28-июндагы катуу жамгырдан Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы аныкталган.

Ошондой эле 13 куткаруучу Кезарт жайлоосуна бара жатышат. Ал эми 46 куткаруучу сел болгон аймактарда издөө иштерине тартылды.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жаан Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда.


Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 куткаруучу, 19 техника тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ноокат районуна куткаруу иштери үчүн тик учак жөнөп кеткенин кабарлады. ӨКМ буга чейин тик учак аба ырайын байланыштуу учурулбай жатканын билдирди. Социалдык тармактарда сел жүргөн аймактарда куткаруу иштерине ӨКМнын тик учактары тартылбагынын сындап жазгандар бар.

Сел жүргөн жерлердин бири. 

Суу ташкынынын айынан жол, көпүрөлөр бузулгандыктан Ош-Баткен жолунда 29-июнда автотыгын жаралды. 

Суу ташкыны айылдарды да каптады. Кырсык 28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында болгон. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Натыйжада сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген.

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайына сел түшүп, болжол менен 10-15 турак үйдүн короолоруна, мектепке чейинки билим берүү мекемесине суу кирди. Кара-Булак айылында сайдын жээгиндеги автоунааны агызып кеткен, Кош-Чан дарыясында ички чарбалык көпүрөнү сел алган.

Гулистан айыл аймагындагы Тажик-Кыштак айылында Чили-Сайга сел түшүп, 7-8 турак үйдүн короо сарайларына суу кирип, көпүрөнүн астына суу толуп калган.
Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. 

Суу каптаган үйлөрдүн бири.