Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев

28-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн парламентин таратып, ноябрда өтө турган шайлоо өнөктүгүн мөөнөтүнөн мурда 1-сентябрга белгиледи.

Азербайжанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өткөн. Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо менен катар өлкөдө муниципалдык шайлоо да өткөрүлүшү керек.

8-февралда Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын 92,05% алып, кайрада өлкө башчы болуп дайындалган.

Оппозиция өкүлдөрү мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленгенин президент Алиевдин дээрлик 20 жылдан берки бийлигинин мөөнөтүн дагы узартуу аракети жүрүп деп сыпатташат. (AiA)

Дагы караңыз

Байден-Трамп дебаты: Украина, Ооганстан жана ГершковичАлдыдагы беш жылда кайсы кесиптер керек? "Коркунучу азайды, бирок идеалдуу эмес". ЖМК мыйзамы кайра иштелип чыкты Тереза Рибейру: Журналисттерсиз коомдо ачык талкуу болбойт