Чөлкөмдөгү жергиликтүү эксперттер диний-экстремизм көйгөйүнө олуттуу көңүл буруу зарыл экенин билдирип келишет.
Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү делген 43 адам кармалды
АКШнын мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесинде 21 диний багыттагы топ бар экени белгиленет. Алар мыйзамга ылайык, өлкө аймагында эч кандай ишмердүүлүк жүргүзө албайт, анын ичинде Интернетте өз маалыматтарын жарыялай албайт.
Жергиликтүү маалымат каражаттарына чыккан кабарларга таянып, 2023-жыл ичинде өкмөт «Хизб ут-Тахрир» уюмдун мүчөсү делген 43 адамды камаганы документте көрсөтүлөт. Салыштырмалуу мындай жүйө менен 2022-жылы тогуз эле киши кармалган.
"Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери алардын идеологиясынын жайылышына каршы активдүү иш жүргүзүп келишет. “Хизб ут-Тахрирдин” ыкмаларынын бири бул - бийликке каршы маанай, адилетсиздикке карата сезимдер менен ойноо. Алар баарынын ордуна ислам баалуулуктарын сунушташат. Биз билгендей, бул экстремисттик уюм эгер кандайдыр бир диний көз караштарды кармансак дүйнө, мамлекет жакшы болот деп таңуулайт. Аларда кандайдыр бир ислам мамлекетин куруу максаты жок. Бирок коркунуч бар. Анткени ал уюмдун катарына кошулгандардын саны көбөйсө, андан ары террордук топтордун катарына кошулуу кыйла жеңил. Ошентсе да бул жерде адам укугун коргоо боюнча маселеси бар экенин белгилей кетейин. Адамдарды диний көз караштары үчүн куугунтуктоого болбойт. Бул жерде сапаттуу экспертиза өткөрүү керек. Сапатсыз экспертизадан улам көп адамдар жабыркаган учурлар болгон. Чындыгында аларды камаганда түрмөдө көп каражат кетет жана жаза өтөө жайларында радикализация күчөйт",-дейт дин тутуу эркиндиги боюнча эксперт Ильхам Умарахунов "Азатыкка" курган маегинде.
Атайын кызмат өз билдирүүлөрүндө кармалгандар экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенгенин ырастап келет.
Андан тышкары Мамдепартаменттин баяндамасында 2023-жылы Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жалпысынан “Йакын Инкар” уюмуна мүчө делген 25 адам кармалганы белгиленет.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, “Йакын Инкар” уюмунун төрт мүчөсү кыймылдын ишмердүүлүгүн каржылоого шектелип колго түшкөн.
Ошондой эле документте Таластагы Ыйык Николай чиркөөсүнө жекшемби кечиндеги тааттан кийин атайын кызматтын өкүлдөрү Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү менен биргеликте рейд өткөрүшкөнү белгиленет. Маалыматка караганда, атайын кызматтын өкүлдөрү эки словакиялык дин кызматкерин “мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүк жана өз идеологиясын таратканы үчүн" айыпташкан.
Андан тышкары баяндаманын авторлору Ош облусундагы диний жайларда рейд өткөрүлүп, жыйынтыгында 39 мечит жана 21 медресе жабылганына көңүл бурушкан.
Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, жабылган мечиттер расмий каттоодон өткөн эмес жана архитектуралык, курулуш эрежелерин сактабастан салынган.
Ал эми диний азчылыктар Дин комиссиясынын каттоосунан өтүү жараяны кыйынга турарын, бул үчүн 200дөй адамдын колун топтоо зарыл экенин белгилеп келишери отчетто жазылат.
Үч жыл мурун 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.
Казакстан: жоолукчан окуучулардын маселеси
АКШнын мамдепартаменти жарыялаган баяндамада Казакстанда 2023-жылы диний ишенимдерине байланыштуу жарандарды камап, айып пул салып, кармоолор уланганы белгиленет.
Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан эл аралык укук коргоочу Forum 18 уюмунун маалыматына караганда, Жамбыл облусунда эки дунган мамлекеттин уруксаты жок балдарга Куран окутканы үчүн айып пулга жыгылган.
Ошентип, жалпысынан 2018-жылдан бери Куран окутканы үчүн айып пул салынган этникалык дунгандардын саны 18ге жеткен. Баяндамада ошондой эле 2023-жылдын 30-декабрында расмий Астана “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарганы белгиленет. Эске сала кетсек, укук коргоо уюмдары талибдердин өкмөтүн Ооганстандагы адам укуктарынын олуттуу бузулушуна айыптап келет.
Баяндаманын авторлору Казакстанда мектептерде окуучу кыздарга жоолук оронууга тыюу салынышына көңүл бурушкан. Атырау облусунда мындай чектөөдөн улам мектепке бара албай калган кыздардын саны 150гө жеткенин Билим берүү министрлиги билдирген.
Ошол эле айда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев секуляризмди колдорун билдирген. Ошентсе да айрым мектептердин жетекчилиги жоолукчан кыздарга мектепке барууга уруксат берген.
Казакстандын бийлиги диний мүдөөдөн улам куугунтуктоо фактыларын четке кагып келишет.
Эл аралык диний эркиндик боюнча АКШ комиссиясынын май айында жарыяланган отчетунда дин тутуу эркиндиги жаатындагы кырдаал Казакстанда жакшырган жок.
Ал комиссия расмий Вашингтонго Казакстанды “дин тутуу эркиндиги багытындагы олуттуу мыйзам бузууларга сабырдуулук же катышууга байкоо жүргүзүү боюнча атайын тизмеге” киргизүүнү сунуштаган.
Мамдепартаменттин отчетуна ылайык, "Жахабанын күбөлөрүнүн" 20дай мүчөсү мыйзамда каралган аскердик кызмат өтөөдөн бошотулушу боюнча кыйынчылыктарга кабылышкан. Костанай облусунда сот "Жахаба күбөлөрүнүн" мүчөлөрүн аскерде кызмат өтөөдөн бошоткон. Бул өлкө тарыхындагы алгачкы мындай окуя болгону баяндамада көрсөтүлөт.
Өзбекстан: бетти жабууга тыюу салуу, диний ырларды тараткандардын камалышы
Баяндамада Өзбекстандын өкмөтү диний экстремизм боюнча кесилгендер тууралуу маалымат берген эмес. Жергиликтүү маалымат каражаттары Интернеттеги диний ишмердүүлүгү үчүн сот түрмөгө же үй камагына кескен кеминде беш адам тууралуу жазышкан. Авторлор Жахонгир Улугмурадовдун жана Сардор Рахманкуловдун окуяларына көңүл бурушкан.
Сот Ташкент мамлекеттик экономикалык университеттин студенти Жахонгир Улугмурадовду классташтарына диний ырды жибергени үчүн үч жылга эркинен ажыраткан.
Дагы караңыз "Эч ким уккан эмес". Өзбекстанда дагы бир студент диний ыр үчүн камалды“Би-би-си” дүйнөлүк кызматы жазгандай, диний ырды жүктөп алып, тартканы үчүн январь айында беш жылга кесилген Сардор Рахманкуловдун энеси баласын экстремисттик ишмердүүлүккө катышканын мойнуна алдыруу максатында полициячылар кыйноого алганын айтып берген.
Март айында Рахманкуловдун жазасы шарттууга алмаштырылып, бошотулган.
Укук коргоочу Анвар Назировдун айтымында. Ташкент соттору "Фейсбуктагы" атеисттик өзбек тилдүү тайпанын төрт мүчөсүн Исламды мазактаган посттору, шакаба сүрөттөрү үчүн үчтөн беш жылга чейин үч камагына кескен.
2023-жылдын күзүндө өкмөт бети башты чүмкөгөн кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Байкоочулар белгилегендей, бул паранжа менен никябга тыюу салууга барабар.
Дагы караңыз "Kолу-бутубузду байлап атышат". Өзбек имамдарына пост жазууга, лайк басууга тыюу салындыТажикстанда Тоолуу Бадахшандагы уюмдар "экстремисттик" деп табылды
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада Тажикстанда 2023-жылдын биринчи жарымында өкмөт “экстремисттик” жана “террордук” делген уюмдардын 195 мүчөсү камалганы белгиленет.
Бийлик Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы "Ага Хан" уюмунун жактоочуларына каршы куугунтукту улантып, ага байланышы бар бир нече мекеменин мүлкүн конфискациялаган.
Андан тышкары Хатлон облусунун соту имам Абдуханнон Усмоновду “экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасап”, “милдеттүү коомдук билим берүүгө тоскоолдук жаратканы үчүн” алты жылга эркинен ажыратканы, Дүйшөмбүнүн райондук соту тыюу салынган “Тажикстандагы салафиттердин мурдагы лидерлеринин бири” Мухаммади Рахматуллону сегиз жылга кескени жазылат.
"Жахабанын күбөлөрү" жеке диний ишенимдери менен бөлүшкөнү үчүн эки мүчөсү кармалып, айып пулга тартылганын билдиришти. Ошондой эле Тажикстандын Жогорку Соту көз карандысыз Pamir Daily News маалымат сайтын экстремисттик деп таап, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салганы жазылат.
Өкмөт ошондой эле чет жакта исламды окуп жаткан студенттерди үйүнө кайтууга күчтөгөн. Жалпысынан 718 студент кайтууга аргасыз болгон. Алар канча убакыт ичинде кайтканы так айтылбайт.
Түркмөнстан “дин тутуу эркиндигин олуттуу бузган” өлкөлөрдүн катарында калды
Оппозициячыл маалымат каражаттар 30-августта белгилегендей, Орусия Түркмөнстанга Ашырбай Бекиевди орус миграция мыйзамдарын бузганы үчүн депортациялаган. Көп өтпөй Бекиев ислам экстремизми боюнча “токулган айып менен” 23 жылга эркинен ажыратылган.
Жахабанын күбөлөрү атайын күчтөрдүн кызматкерлери алардын мүчөлөрүн кармап, бир нече саат суракка алып, анан коё берген 14 учур жөнұндө айтышты.
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы Балкан велаятында август айынын ортосунда полиция мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, диний адабиятты конфискациялаган.
“Форум 81” уюму жазында Балкан велаятында диний кийимдерди кийип жүргөн кыз-келиндерди токтотуп, суракка алган. Айрым исламдан тышкаркы диний азчылыктардын лидерлери коомдун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, дос тааныштарынын басым-кысымына кабылганын айтышкан. 2014-жылдан баштап Түркмөнстан “дин тутуу эркиндигин олуттуу бузган” өлкөлөрдүн катарына кирет.